Кара-Суу районунда 68,5 млн сомго бала бакча ачылды

6 февраля 2024, 16:20

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Киров айылында 160 орундуу бала бакча ачылды. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылышына өкмөт башчы Акылбек Жапаров катышты.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушу 2022-жылы башталып, сметалык баасы 68 млн 578 миң сомду түзөт.