Кара-Сууда сметалык баасы 13,5 млн сомдук  таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашууда

28 апреля 2022, 09:27

Кара-Суу районундагы Таш-Арык айылында ичүүчү суу менен жабдуу системаларын куруу жана реабилитациялоо иштеринин сметалык баасы 13 млн 599 миң 529 сомду түзөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган объекти куруу жана реабилитациялоо иштери жүрүүдө.

"Бүгүнкү күндө аталган объект боюнча 7658 метр түтүк өткөрүлүп, диаметри 1,5 метр темир-бетон шакектерин монтаждоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле сыйымдуулугу 150 куб метр болгон резервуардын курулушу жана диаметри 150 мм ПВХ түтүгүн салуу менен суу сактагыч үчүн траншеялардын топурагын иштетүү жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.