«Каракол» аэропорту эл аралык стандартка ылайык курулууда

10 октября 2023, 09:15

"Каракол" аэропорту эл аралык стандартка ылайык курулууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Алсак, учуучу тилкесинде Кыргызстанда биринчи жолу мыкты сапаттагы асфальт төшөлүүдө.

Ошондой эле эл аралык стандарттарга толук жооп берген жаңы аэровокзал комплекси салынууда. Ал эми учактар конуучу тилке 2 миң 450 метрге узартылды.

Аба майданды быйыл ишке берүү пландалып жатат.