Караколго коронавирустун алдын алуу иштери үчүн 1,7 млн сом бөлүндү

20 марта 2020, 17:30

Каракол шаарында коронавирустун алдын алуу иштерине 1,7 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каракол шаардык кеңешинен билдиришти.

Маалымкат ылайык, бүгүн, 20-мартта шаардык кеңештин депутаттарынын кезексиз XXXV сессиясы өтүп, анда шаардык бюджеттен алдын алуу иштерин жүргүзүүгө 1 млн 716,7 миң сом бөлүү чечими кабыл алынган.