Карантин талаптарын бузган орусиялыктар 1 млрд рубльдан ашык айып төлөшкөн

17 июня 2020, 11:00

Орусияда пандемияга байланыштуу коюлган чектөөлөрдү бузган жарандар 1 млрд рублдан ашык (14.3 млн доллар) айып төлөшкөн. Бул тууралуу Forbes басылмасы «Апология протест» укук коргоо уюмунун билдирүүсүнө таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, апрель айынын башынан тарта талаптарды бузган иш боюнча укук коргоо тармагына 400 миңге жакын иш келип түшкөн. Анын ичинен 16 миңге жакыны санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузулгандыгы үчүн айып тагылган.

Ад эми ушундай эле айып Татарстанда 56 миң, Краснодар аймагында 27 миң, 21 миң дагестандыкка жана Брян облусундагы 19 миң жаранга салынган.