Каратаев: Биздин ПЦР тесттер сапатсыз жүргүзүлбөйт

25 июня 2020, 11:15

Биздин ПЦР тесттер сапатсыз жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

- Москвадан биздин жарандардан коронавирус тастыкталды. Ал эми, Кыргызстанда алынган анализдердин жыйынтыгы терс болгон. Биздин тесттердин сапаты кандай?

«Биздин ПЦР тесттер сапатсыз жүргүзүлбөйт. Анализдин качан тапшырылгандыгы маанилүү. Себеби, вирус жугузуп алуу ар бир мүнөттө болушу мүмкүн. Кечээ аталган эки жаран Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калган адистер 3 кун изоляциядан кийин, кайталап алынган анализи терс чыкса, жумушка чыгышат», - Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.