Мыйзамсыз күйүүчү май саткан дагы бир жай табылды

10 февраля 2020, 17:45

Каржы полициясынын Бишкек шаарындагы тергөө бөлүмүнүн башкармалыгы менен муниципалдык аймактык башкармалыгы жана ММК өкүлдөрү менен биргеликте борбор калаадагы күйүүчү-майлоочу материалдардын башаламан сатуу жайларын табуу максатында рейд уюштурулган.

Рейддин жүрүшүндө Алыкулов менен Лущихин көчөлөрүнүн кесилишинде жана Алыкулов көчөсүндө КММын мыйзамсыз сатуу жайлары табылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө эч кандай документтери жок 1 тоннадай бензин табылган.

Аталган рейддер өлкө аймагы боюнча туруктуу негизде жүргүзүлүп турат деп белгиленүүдө.

Азыркы учурда мурун мыйзамсыз жол менен киргизилген күйүүчү-майлоочу материалдарын табуу жана анын шектүү жолдору менен (короолордо, май алмаштыруучу жайларда, складдарда) реализацияланышын жоюу үстүндө иштер жүрүп жатат.