Энергия тармагында карыз 103 млрд. сомду түзөт

20 сентября 2019, 11:35

ЖКнын депутаты Аалы Карашев (КСДП) 2019 – жылдын 20 – сентябрь күнү фракциянын жыйынында ЖЭБ Бишкекте канча жылуулук отуну бар экенин сурады.

Улуттук энергохолдингтин жетекчиси Айтмамат Назаров, ЖЭБде учурда 98 миң тонна жергиликтүү Кара-кече көмүрү бар, 2-3 күндөн кийин Кзакстандан көмүр келет деп билдирди.

Андан сырткары, депутат энерготармагындагы канча карыз бар экенин сурады.

Улуттук энергохолдингтин жетекчиси Айтмамат Назаров, учурда энерго тармагындагы карыз 103 млрд. сомду түзөт деп билдирди.