Кассалык чек кандай болушу керек?

2 февраля 2022, 14:43

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды товарларды сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү алууда кассалык чекти талап кылууга чакырат.

Салык кызматынын маалымат кызматынан билдиришкендей, ар бир чекене сатылган товарга же кызмат көрсөтүүгө кассалык чек берилиши керек.

Кассалык чек – сатып алуу же сатуу фактысын ырастоочу фискалдык документ болуп саналат.

Бирок, кардарларга слип-чек же эквайринг чек сыяктуу чектин башка дагы түрлөрү берилүүдө. Аларда кыскача маалыматтар берилет жана ал кассалык чек болуп саналбайт.

Сатып алуучулар контролдук-кассалык машинадан берилген жана бир катар реквизиттерди камтыган кассалык чекти талап кылышы керек, тактап айтканда анда төмөнкүлөр болушу абзел:

  • субъект жөнүндө, башкача айтканда сатуучу жана сатылган товарлар же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар;
  • төлөөнүн формасы жана Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген башка маалыматтар;
  • сканерлөөдөн өткөндө аталган кассалык чек жөнүндө толук маалымат берген QR-код.