Казакстандык 13 жаштагы бала айымдарга маникюр жасап, ата-энесине жардам берет (видео)

27 февраля 2020, 16:00

Казакстандык 13 жаштагы бала инисинин дарылануусуна акча чогултуу үчүн маникюр жасаганды үйрөнгөн. Бул тууралуу «Москва 24» порталы билдирди.

Алгач баланын ата-энеси бул эркектердин жумушу эмес деп каршы болушкан. Кийинчерээк ал жасаган тырмак жасалгалар, профессионалдуу адистердин жогору баасына татыган жана алар баланын ата-энесине каршы болбой, тескерисинче колдогула деген кеңештерин беришкен.