Казакстан Алматы–Нью-Йорк аба каттамын ачууну пландоодо

7 марта 2024, 17:33

Казакстандын Транспорт министрлигинин Жарандык авиация комитети Нью-Йоркко аба каттамын ачуу пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу Tengri Travel сайты жазды.

2023-жылдын май айында “Air Astana” компаниясынын президенти “Питер Фостер” авиакомпаниянын пландары тууралуу айткан. Андан соң өкмөттүк жыйында журналисттер белгилүү компаниянын жетекчисинен Нью-Йоркко каттам качан ачылат деп сурашкан.

"Учурда 2025-жылга чейин каттамдарды ачуу пландалууда. Каттамдар Алматыдан болот. Алматы - Нью-Йорк баштапкы этапта жумасына 3 жолу, андан ары жумасына 5 каттамга чейин көбөйөт. Ал эми көрсөткүчтөр жакшы болсо, Астанадан каттамдар болбойт”, - деди ал.