Казакстандын экономикалык өсүүсү 2021-2022-жылдары күтүлүүдө
Казакстандын ИДПсы 4.7% чейин жогорулайт. Экономиканын кризиске чейинки абалы 2021-2022-жылдары кайтып келиши мүмкүн. Бул тууралуу ЕӨБдүн макроэкономика боюнча билдирүүсүндө айтылат.
Аналитиктердин берген прогнозуна ылайык, экономикалык активдүүлүктүн өсүүсү үчүн карантин чараларын азайтуу керек. Өлкөнүн антикризистик саясаты 2021-жылы пандемиянын экономикага тийгизген терс таасирин азайтат. Бирок, толук калыбына келүү үчүн көп убакыт талап кылынат.
ЕӨБдүн эксперттери билдиришкендей, кризиске чейинки экономиканын абалы кайра 2021-жылдын ортосуна чейин калыбына келиши мүмкүн.