Казакстанда эски автоунааны кайра иштетүүгө бергендерге кенемде төлөнүп берилет

23 ноября 2020, 17:00

Төрт жыл ичинде казакстандыктар 158.7 миң автоунааны кайра иштетүүгө жиберишкен. Эски автоунааларды алмаштыруу үчүн 56.6 миң сертификат берилген. Бул сертификаттар аркылуу жаңы автоунаа сатып алууда жеңилдиктер берилет, - деп жазат kursiv.kz басылмасы.

Маалым болгондой, жалпысынан 32.7 млн доллар каражат бөлүнгөн. Азыркы учурда Казакстанда, эски автоунаанын ээлерине 200 миң теңегеден (468 $) кенемте төлөө программасы ишке ашырылууда. Буга чейин бул сумманын көлөмү 150 миң теңгени түзчү.

23-ноябрга карата Казакстанда 146.7 миң транспорт каражаттары кайра иштетилген.