Казакстанда 700 миңден ашуун ишкерге салык жеңилдиктери берилген

4 декабря 2020, 12:40

Казакстанда бул жылы бизнести колдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды: салык жеңилдиктери; админстративдик жумушту томөндөтү; бизнес-климатты жакшыртуу. Бул туурадуу 4-декабрда улуттук экономика министри Руслан Даленов билдирди.

Даленов билдиргендей, салык жеңилдиктери 700 миңден ашуун ишкерлерге берилди.

Бизнести колдоо боюнча каржы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн программага бир катар өзгөртүүлөр киргизилген: пайыздык ченди 6га түшүрүү; микрокредитти берүүнүн көлөмүн жогорулатуу; ишкерлердин жүгүртүү капиталын 8% жана андан ашык өлчөмдө толтуруу боюнча программа иштелип чыккан.

Андан сырткары, экономиканын жабыр тарткан тармактарындагы ишкерлик насыялардын пайыздык ченин субсидиялоо иштери башталды.

Кошумчалай кетсек, учурда Казакстанда ишкерлердин 80 пайызына насыянын төлөө мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк берилген.