Казакстан Кыргызстан менен инвестицияны коргоо боюнча келишим түзүүгө ниеттенүүдө

13 марта 2024, 17:34

Казакстан Кыргызстан менен инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча келишим түзүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу “КазТаг” агенттиги билдирди.

Долбоорго ылайык, ар бир тарап өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык инвестицияларды жеңилдетүү максатында экинчи мамлекеттин инвесторлорун кубаттайт жана аларга жагымдуу шарттарды түзөт.

"Казакстандын өкмөтү менен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө тиркелген макулдашуунун долбоору жактырылсын", - деп айтылат коңшу өлкөнүн токтом долбоорунда.

Макулдашуунун максаты инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана колдоо, ошондой эле эки тараптын инвесторлоруна өз мамлекетинин аймагында адилет жана бирдей мамиле кылуу, коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат.