Казакстанда күнүнө 1 миллионго чейин беткап чыгарылып жатат
Казакстанда бир күндө 1 миллионго чейин медициналык беткап чыгарылууда. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев билдирди.
«Бир күндө чыгарылган беткаптардын саны 604 миңге жетет. Анын көлөмү 1 миллионго чейин жеткирилет», - деди ал.