Казакстандыктар онлайн-соодага 50.8 млрд доллар коротушкан

14 декабря 2020, 09:50

Бул жылы казакстандыктар онлайн-соодага дээрлик 50.8 млрд доллар коротушкан. Бул тууралуу finprom.kz порталы билдирди.

Казакстанда интернет-төлөмдөрдүн көлөмү акыркы беш жыл ичинде 331 эсеге жана өткөн жылга салыштырмалуу үч эсеге өскөн.

Муну менен катар Казакстан интернеттин ылдамдыгын жакшыртып 176-катардан 63-катарга көтөрүлдү.