Казакстанда өзгөчө абал 11-майга чейин узартылды

27 апреля 2020, 13:20

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин 11-майга чейин узартты. Бул тууралуу inbusiness.kz порталы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул чечим азыркы оор абалдан улам кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, өзгөчө абал 11-майда бүткөрүлөт. Бирок, эпидемияны массалык түрдө жуктургандардын саны азайбаса, анда өзгөчө абал кайрадан узартылышы мүмкүн.

«Вирусту жуктургандардын саны азаярына ишенем. Биздин жалпы милдетибиз - Казакстандагы терс көрүнүштөрдү алдын-алуу. Мен үчүн ар бир жердешимдин жашоосу маанилүү. Ушул эле учурда мамлекеттик комиссия карантиндин талаптарын жеңилдетүүгө даяр. Вирус катталган аймак көзөмөлдө болот», – деп жазылат маалыматта.