Казакстандык операторлор 2020-жылы 1.7 млрд $ киреше табышкан

22 декабря 2020, 09:35

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында Казакстандын уюлдук операторлорунун кирешеси 1.7 млрд $ ашкан. Өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүч 10.3% өскөн. Бул тууралуу ranking.kz порталы жазып чыкты.

Басылмадан маалымдашкандай, кирешенин 63% операторлор интернет жана мобилдик байланыш кызмат аркылуу табышкан. Отчет мезгил убагында казакстандыктар интернетке 519 млн доллар же соода рыногунун 37.4% коротушкан.

Баарынан көп Beeline компаниясы — 341.2 млн доллар, Kcell — 300 млн доллар киреше тапкан.