Казакстан үч мамлекет менен болгон аба каттамдарын жандандырат

29 июля 2020, 10:00

Август айында Казакстан бир катар эл аралык аба каттамдарын жандандырууну пландоодо. Бул тууралуу kapital.kz порталы кабарлады.

Эпидемиологиялык кырдаалдын жакшыруусун эске алуу менен башка мамлекеттер менен болгон аба каттамдарды жандандыруу боюнча маселелер каралууда. Август айында Тайланд жана Грузия менен болгон каттамдарды ачуу пландалууда. Түркия менен болгон каттамдарды 10 августтанг тарта жандандыруу маселеси каралууда»,-деди Казакстан Республикасынын Туризм индустриясы комитетинин төрагасы Дастан Рыспеков.

Ал ошондой эле 20 июндан 4 июлга чейин 622 казакстандык туристтик компаниялардын кызматтары менен колдонуп, Түркияда эс алууга мүмкүнчүлүгүн алгандыгын билдирди. Анын айтымында, туристтик ишканалар туристтер алдында болгон милдеттерин аткарып, анын ичинде буга чейин мөөнөтү жылдырылган жолдомолорду жандандырып бере баштагандыгын айтты.