Көчөдө соода кылгандар да ККМ колдонууга милдеттендирилет

27 ноября 2023, 09:35

Экономика министрлиги көчөдө соода кылгандарды дагы көзөмөл-кассалык аппарат колдонууга милдеттендирүү ниетинде. Ведомствонун токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документте жазылгандай, көчөлөрдө мөмө-жемиш, улуттук жана муздак суусундуктарды, сүт продукциясын, гезит-журналдарды жана башка товарларды саткандар кийинки жылдын 1-январынан тарта ККМ орнотуп, колдонушу керек.