Келерки жылы бюджеттин кирешеси 378 млрд сом болору күтүлүүдө

16 октября 2023, 15:06

2024-жылга мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 378 млрд 437,9 млн сом суммасында каралууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Руслан Сүйналиев билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 358 млрд 794,4 млн сом өлчөмүндө белгиленген.

“2024-жылга республикалык бюджеттин профицити 19 млрд 643,5 млн сомду же ИДПга карата 1,6%ды түзөт”, - деди ал.

Жогорку Кеӊештин Социалдык саясат комитети “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.