Келерки жылы Соцфонддун профицити 2 млрд сом болору күтүлүүдө

30 октября 2023, 13:43

Социалдык фонддун 2024-жылга бюджети 106 млрд 982 млн сомду түзөт.

Мекеменин 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджетинин долбоору парламентке жөнөтүлдү. Ага ылайык фонддун чыгашасы 105 млрд 95 млн сом болот. Профицит 1 млрд 886 млн сомдон ашат.

Белгиленгендей, 2024-жылдын бюджетинде киреше чыгашадан ашып, 19,2 млрд сом өлчөмүндө болот. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары чыгашалар боюнча эсептен шекшип, алгач социалдык маселелерди толук чечип, анан бюджетти профицит менен көрсөтүүнү сунушташты.

Алардын айтымында, айлык акы, пенсия, жөлөк пул өлчөмү төмөн болуп, капиталдык курулуштар бүтмөйүн өлкө бюджетинин кирешеси артпайт.