Кепилдик фонду 7,9 млрд сомго ишкерлерге колдоо көрсөттү

15 декабря 2023, 13:06

Бүгүнкү күндө Кепилдик фонду ишкерлерге 25,5 млрд сомдон ашык насыялык ресурстарга жетүүнү камсыз кылып, дээрлик 7,9 млрд сом өлчөмүндө кепилдик колдоо көрсөттү. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4406 кепилдик, бул берилген кепилдиктердин жалпы санынын 56,6%ы айыл чарбасын, анын ичинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Кепилдиктердин калган 43,3%ы өнөр жай, курулуш, соода, транспорт жана туризм тармагындагы бизнести өнүктүрүүгө берилген.

Кепилдик фондунун ишинин бүткүл мезгилинде берилген кепилдиктердин 85,5%га жакыны өлкөнүн региондорунда өкүлчүлүк кылган чарбакер субъекттерди колдоого багытталган. Кепилдиктердин 15%дан ашыгын Бишкек жана Ош шаарларынын ишкерлери пайдаланышкан.