«Кепилдик фонду» акционерлеринин жылдык жалпы чогулушун өткөрөт

8 апреля 2024, 12:15

“Кепилдик фонду” ААКсы 26-апрелде акционерлеринин жылдык жалпы чогулушун өткөрөт. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Чогулуш Бишкек ш., Чүй проспектиси, 114, “Кепилдик фонду” ААКсынын кеңсесинде саат 11:00до өтөт.

Акционерлерди каттоо саат 10:00до башталат.

“Чогулуштун катышуучусу катары каттоодон өтүү үчүн коомдун акционери паспорт же башка инсандыгын ырастоочу документти көрсөтүүсү керек. Ал эми акционерлердин өкүлдөрү үчүн КРнын “Акционердик коомдор жөнүндө” Мыйзамынын 47-беренесине ылайык кошумча түрдө ишеним кат талап кылынат”, - деп айтылат маалыматта.