«Кепилдик фонду» Кыргызстан банктар Союзунун катарын толуктады

9 ноября 2020, 10:45

ААК «Кепилдик фонду» Кыргызстан банктар Союзунун 28-толук укуктуу мүчөсү катары кирди. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында маалымдалат.

Фонддун башкы максаты — чакан жана орто бизнести насыя жана башка финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу болуп саналат.

«Кепилдик фонду» 2016-жылдан тарта ишмердүүлүгүн баштаган. Фонддун алгачкы капиталы республикалык бюджет тарабынан 72 млн сомго толтурулган. Андан сырткары, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 3 млн доллар кошумча каражат бөлүнгөн.

Кошумчалай кетсек, азыркы учурда фонддун капиталында 2.1 млрд сом бар.