KICB өзүнүн банкоматтарынан долларды чыгарып алуу мүмкүнчүлүгүн токтотту

26 апреля 2022, 17:24

“Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы” өзүнүн банкоматтар тармагынан АКШ долларын чыгарып алуу мүмкүнчүлүгүн убактылуу токтотту,- деп аталган банктан “Акчабар” порталына билдиришти.

Талталгандай, банктын карта ээлери валютаны банктын бөлүмдөрүнүн кассаларынан ала алышат.

“Улуттук валютада каражаттарды берүү кадимки режимде иштей берет", - деп билдирет KICB.