Кийинки жылы ирригациялык системаны оңдоого 2 млрд сом жумшалат

16 октября 2023, 17:28

Келерки жылы Кыргызстандын ирригациялык тутумун оңдоого жана калыбына келтирүүгө 2 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жумгал районунун Байзак айылынын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл жайыттарды калыбына келтирүү үчүн 100 тонна жайыт үрөнү алынып, таратылды.

“Биз сугат каналдарынын абалын жакшыртууга, арыктарды тазалоого жана жаңы жерлерди өздөштүрүүгө басым жасап, сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн бөлүнгөн бул каражаттарды туура пайдалануубуз керек. Тоют даярдоо маселесине да көңүл буруу керек, - деди ал.