ӨКМ 30 млн сомго сууну анализдөөчү жабдууларды сатып алат

1 декабря 2023, 11:41

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Долбоорлорду ишке ашыруу департаменти атайын техникаларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.

Жалпы суммасы 30 млн 573 миң сомду түзөт.

Жабдуу суунун көп элементтүү жана изотоптук анализине арналган.