ӨКМдин бюджети 4,5 млрд сомго жетип, 3 эсе өстү

6 декабря 2023, 11:34

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети акыркы үч жылда 3 эсеге өстү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында министр Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, ӨКМ каражатты эң көп талап кылган министрлик болуп саналат, анын ичинде Мамлекеттик материалдык резервдер фонду бар.

"2020-жылдары министрликтин бюджети 1,9 млрд сомду түзгөн, анын 80%ы кызматкерлердин айлык акысын төлөөгө жумшалчу. Андан кийин 2021-2022-жылдары бюджетибиз дагы 2,5 млрд сомго көбөйүп, азыркы учурда ӨКМдин бюджети 4,5 млрд сомго жетти", - деди ал.

Ошондой эле, кызматкерлердин дагы айлык маянасы 3 эсеге чейин өстү. Мисалы, 2020-жылдагы 12-17 миңге чейинки айлыктар азыр минималдуу 35-17-сомго жетти. Ошондой эле министрликтин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн каралган каражаттын бир нече эсеге өстү.