Өкмөттүн расмий сайты иштебей калды

23 августа 2021, 17:00

Министрлер кабинетинин расмий сайты техникалык себептерден улам убактылуу иштебей жатат. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сервер орнотулган имаратта дем алыш күндөрү электр энергиясынын кыска мөөнөттүү өчүрүлүшүнөн улам техникалык себептерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин www.gov.kg расмий сайты убактылуу иштебей жатат.

Учурда президенттин иш башкармалыгынын техникалык кызматкерлери келип чыккан көйгөйлөрдү четтетүүнүн үстүндө иштөөдө. Сайттын иши жакынкы убакта кайра жандандыруу пландалууда.