Он күндө 22 миңден ашык жаранга юридикалык колдоо көрсөтүлдү

12 декабря 2023, 09:35

Он күндө 22 миңден ашык жаранга юридикалык колдоо көрсөтүлдү. Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы 1-декабрдан 10уна чейин акысыз кеп-кеңеш берүү иш-чарасын өткөрдү.

Анын алкагында 22 миң 480 жаранга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлдү.

Эң көп документтештирүү, жер маселеси, үй-бүлөлүк укуктук маселелер, социалдык камсыздоо, менчик укуктары жана мураска байланыштуу суроолор болгон.