Койдун баасы 2.9% кымбаттады

14 сентября 2020, 16:00

Республика боюнча койдун баасы эки жума ичинде 2.9% жогорулады. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салуу агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, кой этинин кымбаттап жатышынын себеби Казакстан, Тажикстан, Өзбекстанга көп экспорттолуп жаткандыгы менен байланыштуу.

Бааны ортодо алып сатарлар көтөрүп ийишүүдө. Муун кесепетинен улам, базарларда койдун эти киллограммына 10-15 сомго кымбаттады.

Мамлекеттик агенттиктин берген маалыматына ылайык, эттин минималдуу баасы Арменияда, максималдуу баасы Өзбекстанда катталган.