Комбанктарда жана акча алмаштыруучу жайларда доллар 97 сомдон сатылууда

2 марта 2022, 17:58

Кыргызстанда орус рубли төмөндөп, АКШ доллары кымбаттады. Түштөн кийин коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайлар валюталардын курсун жаңылады.

Алсак, коммерциялык банктарда доллар 94 сомдон сатып алынып, 97 сомдон сатылууда. Ошондой эле Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда долларды сатып алуу 94,36 сом болсо, сатуу 97 сом болууда.

Ал эми орус рублинин курсу да өзгөрдү. Тактап айтканда, банктарда рублди 0,70 - 0,90 сомдун тегерегинде сатып алынып, 1,09 – 1,12 сомго чейин сатылууда. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда рублди сатып алуу баасы 0,84 сомду түзсө, сатуу 1,01 сомду түзүүдө.

Белгилей кетсек, 2-мартка карата Улуттук банктын сайтында доллардын расмий курсу – 94,9536 сом болууда. Ал эми рублдин курсу 1 ,0350 сом деп турат.