Коммерциялык банктарды каржылоо максатында аукцион өткөрүлөт

23 июня 2020, 11:45

25-июнда вирустун жайылышынын терс экономикалык кесепеттерин жумшартуу жана экономиканын реалдуу секторун колдоо максатында коммерциялык банктарды каржылоо үчүн, өкмөттүн «Ишкерлик субъектилерди каржылоо» программасынын алкагында насыя аукциону өткөрүлөт. Бул тууралуу регулятор маалымдады.

Аукциондо 1 млрд сом жайгаштыруу пландалууда. 20 млн сомдон, 150 млн сомго чейин арыз таштоого болот.

Белгиленгендей, сумма программанын багытына жараша бөлүнөт.