Коммерциялык банктар 65 млрд 299 млн сомго насыя каникулун беришкен

27 мая 2020, 11:45

Кыргызстанда реструктуризацияланган насыя портфелинин суммасы 65 млрд 299 млн сомду түздү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги онлайн маалымат жыйыны учурунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

«Улуттук банктын насыяларды реструктуризациялоо боюнча иши тууралуу айтсак, бүгүнкү күнү реструктуризацияланган насыя портфелинин жалпы суммасы 65 млрд 299 млн сом болду. Ал 114 миңден ашык насыяны түзөт. Ал жогорку сумма эмес. Жакында бул маселе боюнча кайрылган жарандардын саны көбөйөт деп күтүп жатабыз. Себеби жарандардын сыртта жүрүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынып, алар өзүнүн банкына оңой эле бара алат», — деди ал.