Коммерциялык банктар тарабынан 71 млрд сомго насыя каникулдары берилген

28 октября 2020, 17:00

15-октябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктары тарабынан 71 млрд 764 млн 659 миң сомго насыя каникулу берилген. Бул жалпы насыя портфелинин 45% түзөт. Бул тууралуу «Акчабарга» Улуттук банктан билдиришти.

Бул каражаттардын ичинен улуттук валютада 39 млрд 726 млн 527 миң сом, чет элдик валютада - 32 млрд 38 млн 130.2 миң сом берилген.

Улуттук банктан билдиришкендей, ар бир коммерциялык банк тарабынан карантин башталгандан тарта насыя каникулдары берилип жатат.