Коммерциялык банктар регулятордон 3.5 млрд сом алышкан

26 августа 2020, 15:30

Жыл башынан бери Улуттук банктын насыя аукционунда коммерциялык банктар үчүн 35 млрд сом сунушталган. Бул тууралуу Улуттук банктын жетекчиси өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Муну менен катар банктар аукциондон болгону 3.5 млрд сом алышкан.

«Улуттук банк экономиканын реалдуу секторун колдоо үчүн насыя аукциондорун, пандемияга байланыштуу абалды турукташтыруу үчүн дагы активдүү өткөрүп турду », — деп түшүндүрдү Толкунбек Абдыгулов.

Кредиттик аукциондор региондордун өнүгүшүн колдоо жана «Айыл чарбасын каржылоо» жана «Ишкердик субъекттерди каржылоо» мамлекеттик программаларын ишке ашыруу максатында өткөрүлөрүн кошумчалады.