Коомдук тамактануучу жайларга салыктын ставкасын 2%га төмөндөтүү снушталды

3 февраля 2022, 13:40

Коомдук тамактануучу жайларга карата бирдиктүү салыктын ставкасын 8%дан 2%га чейин төмөндөтүү сунушталууда. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы Аскар Сыдыков Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, көмүскөдөн чыгаруу үчүн коомдук тамактануу субъектилерине карата КНСтин босогосун жайылтпоо маселесин кароо сунушталды.

Ал ошондой эле жалпысынан бизнестин рентабелдүүлүгү кирешенин 15%ын түзөрүн белгиледи. Эгерде салык 8% болсо, алар кирешенин жарымын салыкка төгүүгө мажбур болушат.

“Бул өз кезегинде көмүскөгө кетүүгө алып келет. Ишкерлер бизнесин жаба албайт, ошондуктан формалдык төлөмдөр гана калат”, - деди Сыдыков.

Эскерте кетсек, январь айынан тарта Кыргызстанда жаңы Салык кодекси кабыл алынган. Ага ылайык, коомдук тамактануу жайлары бирдиктүү салык катары 8 пайыз төлөшү керек.

Ал эми 2009-жылдын 1-январынан ишке кирген Салык кодекси күчүн жоготкон.

Белгилей кетсек, салык кодекси Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр кабыл алынган.