«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери айып пулдардын суммасы 686 млн сомдон ашкан

2 марта 2020, 11:00

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген бери төлөнгөн айыппулдардын суммасы 686 миллион 254 миң сомду түздү. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 1 миллион 32 миң 673 токтом түзүлсө, анын 57,2 пайызы, же 590 миң 130 айыпул төлөндү.

Төлөнгөн айыппулдардын суммасы 686 миллион 254 миң сомду түздү.

Ошондой эле «Коопсуз шаар» ишке киргени Бишкек шаарында жол кырсыгы 52 пайызга, Чүй облусунун аймагында 44 пайызга азайды.