Корея Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүү үчүн 300 миң доллар бөлдү

1 июня 2020, 11:00

Кыргызстан COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн Корея Өкмөтү гуманитардык жардам иретинде 300 миң АКШ долларын бөлдү. Көрсөтүлгөн суммага ПЧР-тесттер жана коронавируска тест алуучу жабдуулар сатып алынды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Мындан тышкары Кореядагы Кыргыз Элчилиги аркылуу 31 миңге жакын АКШ доллары суммасында гуманитардык жардам тартылып, жеке компаниялардан жана өнөктөштөрдөн ПЧР-тесттер алынды.

29-майда, бул гуманитардык жардам Кореядан «T’Way» кореялык авиакомпаниясы аркылуу чартердик каттам менен «Манас» эл аралык аэропортуна жеткирилген.

Жалпысынан 26,950 ПЧР тесттери жана коронавирусту текшерүү үчүн керектелүүчү материалдары менен 2 жабдык комплектиси менен келди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Корея тарапка берилген гуманитардык жардам жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.