Кореяда иштеген Кыргызстандын 75 жараны бир жолку төлөм алышты

22 ноября 2022, 12:35

Кореяда иштеген Кыргызстандын 75 жараны бир жолку төлөмдөрдү алышты. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, жалпысынан бүгүнкү күндө Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрү алуу үчүн кайрылгандардын саны 75 адамды, анын ичинде 2022-жылы 10 адамды түзгөн.

“Алардан 63 адам каралып, бир жолку төлөм төлөндү. Тогуз кишиге негизсиз төлөнгөн жок”, - деп айтылат маалыматта.