Коронавирус боюнча маалымат камтылган кыргыз тилдүү сайт иштелип чыкты

23 марта 2020, 16:25

Кыргызстандык программисттер коому Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин демилгеси менен коронасирус боюнча кыргыз тилдүү сайт иштеп чыгышты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Сайттан дүйнө жүзү жана Кыргызстанда коронавируска чалдыккан адамдардын, айыккандардын жана вирустан каза болгондордун саны тууралуу онлайн режимде маалымат алса болот.

Сайттын шилтемеси: http://virus.el.kg/

Учурда өлкөдө COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14кө жетет (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.