Быйыл дүйнөлүк ИДП 1.9% төмөндөйт
Коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөлүк ИДП 1.9% төмөндөшү күтүлүп жатат. Ал эми Евроаймактагы көрсөткүч 5.3% түзүүдө. Бул тууралуу ТАСС порталы билдирди.
Божомолго ылайык, Италиянын ИДПсы 7%, АКШныкы - 4.6%, Японияныкы - 3.3% төмөндөсө, Кытай менен Индия ИДПнын өсүү көлөмүн сактап калууну пландап жатышат. Бирок, динамика 2.3% жана 2.5% төмөндөрүн эксперттер билдирип жатышат.
Алардын айтымында инвестиция, керектөөчү кирешелер төмөндөйт жана бир катар өнөр-жайлардын ишмердүүлүгү токтойт. Бул көрүнүштөргө каршы катары, эксперттер ишканалардын ликвиддүүлүгүн жогорулатууну, салыктарды төлөөнү кийинкиге жылдырууну жана борбордук банктар тарабынан баалуу кагаздарды сатып алууну сунушташууда.