Коронавируска байланыштуу Каржы министрлигинде атайын эсеп ачылды

19 марта 2020, 17:45

Каржы министрлиги өлкө аймагында коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн атайын эсеп ачты.

Министрликтин маалыматына караганда эсепке улуттук валютадан тышкары чет элдик валютадагы ыктыярдуу жана гранттык каражаттар да кабыл алынат. Эсепке түшкөн бардык каражаттар Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген иш-чараларга жумшалат. Эсептин номери: 4402011000101373

Кыргызстанда айрым ишкер, депутаттар өкмөткө жардам ирээтинде акча которо баштады.