Коронавирус менен күрөшүү үчүн тышкы донорлор 95 млн доллар жардам берген

23 декабря 2020, 10:20

Бул жылы коронавирус пандемиясы менен каршы күрөшүү үчүн Кыргызстан тышкы донорлордон 95.4 млн доллар жардам алган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Коронавирус оорусу жаңыдан башталган мезгил учурунда өлкөгө башкы медикаменттерди жана коргонуучу каражаттарды алуу үчүн жалпы жонунан 95 млн 425 миң долларга тышкы жардам тартылган.

Белгиленгендей, чет жерден өлкөгө дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек концентраторлор, тест-тутумдар, коргонуучу каражаттар жана медициналык жабдыктар дагы келген.