Коронавирус менен күрөшүү үчүн донорлордон 56.1 млн доллар тартылган

23 ноября 2020, 14:45

Саламаттыкты сактоо тармагына коронавирус менен күрөшүү үчүн донорлордон 56.1 млн доллар же 4.5 млрд сом тартылган. Бул тууралуу республиканын финансы министрлиги маалымдады.

Муну менен катар, белгиленгендей, бүгүнкү күндө анын ичинен алтынчы бөлүгү же 8.7 млн сом коротулган.

«Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин дагы 14.7 млн доллар тартуу пландалган. Калган каражаттар (32.75 млн $ ) 2021-2022-жылдары колдонулат», — деп жазылат малыматта.

Каражаттар медициналык жабдыктарды алууга жумшалат.