Коррупцияга шектелип, соттолгон мурунку шаар башчы кайрадан мэрияга кызматка келди

20 октября 2020, 12:10

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп борбордун мурунку мэри Нариман Түлеев дайындалды. Тиешелүү чечимге Азиз Суракматов кол койду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин вице-миэрлик кызматты Алмаз Бакетаев ээлеп келген. Эми ал турмуш-коммуналдык чарба кызматынын вице-мэри болуп шайланды.

Эске сала кетсек, Нариман Түлеев 2013-жылы кытай автобустарын сатып алууда коррупцияга шектелип, 11 жылга соттолгон. Бирок, ал бюджетке 60 млн сом төлөп, 2016-жылы эркиндикке чыккан.