8 ай ичинде коррупцияга байланыштуу 6541 факты катталган

18 сентября 2020, 10:45

2018-2019-жылдары жана 2020-жылдын сегиз айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга байланышкан 6 541 факты катталып, сотко чейинки териштирүүгө алынган. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 17-сентябрда, Коопсуздук Кеңештин жыйынында билдирди.

«Анын ичинен 1 576 жазык иши боюнча тергөө аяктаган. Соттук кароого 965 жазык иши жөнөтүлгөн. Мунун ичинде 2018-жылы 391, 2019-жылы 344, 2020-жылдын сегиз айында 230 иш. Бул жылдарда кызматтык жана коррупциялык кылмыштарга байланышкан жазык иштер боюнча мамлекеттик бюджетке беш миллиард 826 миллион сом өндүрүлгөн. Ал эми 2,5 жыл ичинде кызматтык же коррупциялык кылмышы үчүн айыпталган 648 адам сот жообуна тартылган. Булардан соттун өкүмдөрүнүн негизинде 334 миллион 519 миң сом өндүрүлгөн», - деп билдирди Жамшитов.

Андан сырткары, прокуратурадагы коррупцияны жоюу максатында көзөмөл органынын бардык бөлүмдөрүнө видео байкоо орнотулган.