Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт

16 ноября 2021, 09:30

Бүгүн Бишкекте президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт. Иш-чарага Садыр Жапаров, Кеңештин мүчөлөрү, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы ыйгарым өкүлдөр жана башкалар катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда өлкөнүн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын негизги багыттары, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери, бизнес-ассоциациянын коррупция менен күрөштө ролу жана башка маселелер талкууланат.